Укук коргоочу Рита Карасартова: "Саясаттагы "эки жүздүүлүк" буга чейин деле болуп келген"

Экс-президент, КСДП партиясынын саясий кеңешинин төрагасы Алмазбек Атамбаев билдирүү таратып, партия мүчөлөрү куугунтукка алынып жатканын айтты. Атамбаев жарым жылда оппозицияга айланды, бирок ал жетектеген партиянын парламенттеги фракциясы башкаруучу коалицияда.

Ушул кырдаалдан улам жаралган SUPER.KG порталынын "КСДП партиясы оппозицияда, ал эми Жогорку Кеӊештеги фракциясы башкаруучу коалицияда. Бул саясаттагы эки жүздүүлүк эмеспи?" деген соболуна укук коргоочу Рита Карасартованын жообу төмөнкүдөй.

Карасартова учурдагы көрүнүштү парламентаризмдин жолундагы жылыш катары баалай тургандыгын билдирди.

"Мындай "эки жүздүүлүк" буга чейин деле биздин саясатта болуп келген. Коалициянын оппозицияга, оппозициянын коалицияга кошулганы парламентте буга чейин деле болгон. Учурда карама-каршы саясат жүрүп жаткандыктан парламенттик өлкө үчүн бул көрүнүштү алдыга жылуу катары эсептесек болот. Бул нерсени парламентаризмдин жолундагы баскыч катары карашыбыз керек. Бул жолдордон деле өткөнүбүз, мындай болгону кийинки жолубузга жакшы. Салыштырып караганда биздин өлкөдө бара жаткан жол башка мамлекеттин саясий жолунан жакшы деп айта алсак болот", - деди Карасартова.

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, журналист Турат Акимов, Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов жана экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Феликс Кулов, Улукбек Кочкоровдун жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан