КҮНСЕРЕП: КСДП талтайган абалда калды: партиясы оппозицияда, фракциясы бийликте

Бүгүн, 7-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди КСДПнын төрагалыгынан түшүрүүгө кызыкдар күчтөр баш көтөрүүдө. Экс-чиновник Сагынбек Абдрахманов КСДПнын кезексиз жыйынын чакырып, анда Атамбаевди партия лидерлигинен алып түшүүнү айтып билдирүү жасады. "Биз Атамбаевге жана анын санаалаштарына кылган иштери үчүн жазадан коргонуу максатында партияны мындан ары да пайдаланууга жол бербейбиз. Биз, Алмазбек Атамбаев партиянын төрагалыгынан кетип, КСДПдан чыкмайынча тынчыбайбыз", - дейт Абдрахманов.

Бирок экс-чиновник "биз" деп кимдин атынан сүйлөп жатканы түшүнүксүз. Анткени КСДП бүгүн Абдрахманов эбак партия тизмесинен чыгарылганын билдирди. Сагынбек Абдрахманов - Чүйдүн мурдагы губернатору, азыркы тапта Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фондду жетектейт. Ал КСДП жетекчилигине капачылыгын көптөн бери айтып жүрөт. 2017-жылы президенттик шайлоодо КСДПнын айрым активисттери дал ушул Абдрахмановду КСДПдан президенттикке альтернативдүү талапкер катары көрсөтүшүп, бирок шайлоого жакын Абдрахманов талапкерлигин алып салган. Алмазбек Атамбаев 2011-жылы КСДПнын төрагалыгынан кетип, президенттик мөөнөтү аяктаган соӊ 2018-жылы мартта кайрадан партия лидерлигине шайланган. Жакында КСДП лидеринин орун басарлыгына шайланган Сапар Исаковго Бишкек ЖЭБин жаӊылоого байланыштуу "коррупция" боюнча айып тагылып, тергөө бүткөнгө чейин камакка алынды. Алмазбек Атамбаев бийликтен кеткенден кийин Жогорку Кеӊештеги КСДП фракциясындагы депутаттарынын көбүн "жоготкону" белгилүү. Буга Сапар Исаковдун өкмөтүн ишенбестик көрсөтүү аркылуу отставкага кетирүүдөгү добуш берүүнүн жыйынтыгы, 3 эле КСДПчынын каршы турганы далил.

Экс-президент Атамбаевдин соӊку билдирүүлөрү КСДП азыркы бийликке оппозицияда экенин көрсөтүүдө. Ал эми 38 мандаты бар КСДП фракциясы учурда парламенттеги башкаруучу коалицияда турат. Бул саясаттагы эки жүздүүлүкпү? Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов ушул тапта КСДПда тазалоо процесси жүрүп жатканын айтат. Президенттиктен кийин КСДПнын курамын тазалоого барарын Атамбаев өзү деле айтып жүргөн. Ал эми саясатчы Равшан Жээнбеков аты эле КСДП болбосо, фракция иш жүзүндө президент Жээнбековго таандык экенин, бул фракцияга принциби жок депутаттар топтолуп алганын билдирди. Мурдагы депутат Улукбек Кочкоров да КСДП фракциясында туруктуу позициясы жок, бийликти жакшы көргөн адамдар көп деген пикирде. Негизи ээрден түшкөндө тепкилегендер көп болот. Бийликтен кеткенден кийинки жарым жыл Атамбаевге кимдин ким экенин билүүгө шарт түзүп берди...

Жогорку Кеӊештин депутаттары мыйзамсыз жүк ташыган айдоочуларга жазаны 2 эсе күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун колдобой коюшту. Өкмөт "Административдик жоопкерчилик жөнүндө" кодекске бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунушутаган. Алардын бири - нормадан ашыкча жүк жүктөгөн оор жүк ташуучу унаалардын айдоочусуна айыпты 2 эсе көтөрүп 50 миӊ сом кылуу эле.

Депутаттар айыпты көтөрүү коррупцияны күчөтүүгө гана жол ачарын айтышты. Добуш берүүдө 54 депутат колдосо, 56 депутат каршы добуш берди. Каршы депутат Улан Примов сунушталган жаза айдоочулар арасында нааразычылык жаратышы мүмкүн деген пикирде. Бүгүн депутат Чыныбай Турсунбеков салынып жаткан жолдордун сапатына нааразы болду. Оор жүк ташуучу унаалар жолдорду бузуп жатканын башка депутаттар да көп жолу айтышкан. Аны азайтуунун бир жолу сунушталганда депутаттар баш тартып коюшту. 2015-жылы парламенттеги айрым депутаттардын колдоосу менен Жогорку Кеӊеш өлкөгө киргизилген буудайды салыктын бир түрүнөн бошотуу жөнүндө мыйзам кабыл алган. Бул мыйзамдан өлкө 600 миллион сом зыян тартканы аныкталып, парламент аны кайра жокко чыгарды. Айрым депутаттар бул мыйзамдын үзүрүн ун заводу бар парламенттеги 2-3 депутат гана көрдү деп ачык эле айтышты. Азыркы депутаттардын көбү парламентке бизнестен баргандар экенин эске алганда, оор жүк ташуучу унааларга талапты күчөтүү да айрымдарга жакпай калды өӊдөнөт. Кызыгы, эртеӊ ушул эле депутаттар оор жүк ташыган унаалар жолдорду талкалап жатканын "күйүп-бышып" айтып, өкмөттү жемелеп чыгышы толук мүмкүн...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан