Экс-депутат Улукбек Кочкоров: "Бүгүн Атамбаев бийликте жок, КСДП башка жакка кызмат кылып жатат"

Экс-президент, КСДП партиясынын саясий кеңешинин төрагасы Алмазбек Атамбаев билдирүү таратып, партия мүчөлөрү куугунтукка алынып жатканын айтты. Атамбаев жарым жылда оппозицияга айланды, бирок ал жетектеген партиянын парламенттеги фракциясы башкаруучу коалицияда.

Ушул кырдаалдан улам жаралган SUPER.KG порталынын "КСДП партиясы оппозицияда, ал эми Жогорку Кеӊештеги фракциясы башкаруучу коалицияда. Бул саясаттагы эки жүздүүлүк эмеспи?" деген соболуна экс-депутат Улукбек Кочкоров өз оюн билдирди.

Кочкоровдун пикири боюнча, азыркы КСДП фракциясы менен партиясынын ажырымы таң кала турган көрүнүш эмес, себеби кыргыз саясатынын абалы өзү ушундай болуп турат.

"Тилекке каршы, биздеги партиялар идеологиянын, программанын негизинде түптөлбөй, убактылуу кызыкчылыктын тегерегинде топтолгон адамдардын тобу болуп калган. Ошондон улам саясий кырдаалга жараша ушундай көрүнүш боло берет.

Парламенттин 5-чакырылышында биз да башыбыздан мындайды өткөрдүк: партия өзүнчө, фракция өзүнчө болуп, депутаттар өз-өзүнчө топко бөлүнүп кеткен. Бул партиялар чыныгы партия катары түптөлө элегинен кабар берет. Бүгүнкү күндө баары эле "азыркы партиялар - акционердик коомдор" деп айтып жүрөт. Азыр партиялар кантип топтолуп жатканын баарыбыз эле билебиз да, ошондуктан мен азыркы нерсеге көп таң калбайм.

Жакшылап карай турган болсок, айрым адамдар Аскар Акаевдин "Алга, Кыргызстан" партиясында, Курманбек Бакиевдин "Ак жол" партиясында, андан кийин КСДП партиясында болгон. Айтор, кайсы бийликтин доору болуп жаткан болсо, ошол бийликтин партиясында болуп келген, мындайлар толтура. Принциби жок, "эптеп бийликте болсом, күн тийген жерде болсом" деген саясатчылар көп. Ошондуктан таң калбаш керек. Бүгүн Атамбаев бийликте жок болгону үчүн КСДП башка жакка кызмат кылып жатат. Бүгүнкү кыргыз саясатынын маңызы, көрүнүшү, тилекке каршы, ушундай болуп калды", - деди Кочкоров.

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, журналист Турат Акимов, Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов, укук коргоочу Рита Карасартова жана экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Феликс Куловдун жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан