Жарандык активист Адил Турдукулов: "Президенттин элдин нааразычылыгын эске алганы демократиялуу өлкө үчүн жакшы көрүнүш"

Президент Сооронбай Жээнбековдун 6-июнда Кытайга жасаган мамлекеттик сапары учурунда Кыргыз-Кытай элчиликтери жайгашкан жерди 49 жылга бекер пайдаланууга берүү боюнча келишимге кол коюлары айтылган. Бирок Тышкы иштер министрлиги айрым процедуралар бүтпөгөнүнө байланыштуу документке кол коюлган жок деп маалымат таратты.

Ушул окуяга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жээнбековдун Кытайга 3,3 гектар жер берүү келишимине кол койбой койгонун кандай кабыл алдыңыз?" деген соболуна жарандык активист Адил Турдукулов жооп берди.

Анын пикиринде, жер боюнча келишимден да маанилүү маселелер бар.

"Кытай биздин мамлекет үчүн абдан маанилүү, ошол эле мезгилде биздин өлкө да Кытай үчүн маанилүү. Себеби Кытайдын тышкы саясатынында коңшу мамлекеттер менен туруктуу мамиледе болуу - алардын башкы максаты.

Кытайдын биз менен болгон алакасында экономикалык маселелер биринчи орунда экенине, "жерибизди басып алат" деген пикирлерге ишене бербейм. Себеби алардын башкы максаты - туруктуу мамиледе болуу. Анткени Кытайдга маанилүү болгон чоң ички маселелери бар. Синьцзян уйгур аймагы, ал жер биз менен чектеш. Кытайдын ушул маселесиндеги биздин өлкөнүн позициясы маанилүү роль ойнойт.

Сооронбай Жээнбеков бир жактуу баш тартпайт болчу. Кандайдыр бир сүйлөшүүлөр жүргөн болуш керек. Бул келишимден сырткары насыяларды төлөө, газ түтүктөрүнүн өтүшү тууралуу, жол куруу, кытай жумушчуларынын Кыргыз жеринде иштешине шарт түзүп берүү өңдүү эки өлкө үчүн чоң маселелер бар болчу. Ошондуктан Жээнбеков кол шилтеп койду дегенден алысмын.

Эки өлкө тең элдин нааразычылыгын эске алгандыгы биздей демократиялуу өлкө үчүн жакшы көрүнүш. Эгер келишимге кол коюлганда, элде нааразычылык күчөп, бул жер боюнча келишимден сырткары жогоруда белгилеген чоң-чоң долбоорлорго терс таасирин тийгизмек, ал долбоорлор ишке ашпай калуусу мүмкүн эле", - деди Турдукулов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Анвар Артыков, Абдывахап Нурбаев, мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов жана саясат таануучу Даниел Кадырбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан