Сооронбай Жээнбеков менен Халтмаагийн Баттулга Кытайда Кыргыз-Монгол алакасын талкуулады

Президент Сооронбай Жээнбеков 10-июнда Кытайдагы ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынынын алкагында Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга менен жолугушту.

Президенттик аппараттан кабарлашкандай, Жээнбеков жолугушууда Кыргыз мамлекети менен Монголияны байыркы тарых жана маданий мамилелер байланыштырып тургандыгын, эки өлкөнүн элдеринде жалпылыктар жана окшоштуктар абдан көп экендигин айтты.

"Биздин жолугушуубуз Кыргыз мамлекети менен Монголиянын ортосунда эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоого өбөлгө болот деп ишенем. Өлкөлөрүбүздүн ортосунда достуктун, өз ара түшүнүшүүнүн жана өз ара ишенимдин негизинде жемиштүү кызматташууга кедерги болчу эч кандай пикир келишпестиктер жок", - деди Жээнбеков.

Ошондой эле президент Монголия жетекчисин быйыл сентябрь айында өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышып кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Халтмаагийн Баттулга Жээнбековго алдыдагы ШКУнун төрагалыгы мезгилиндеги ишине ийгиликтерди каалап, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына сөзсүз өз делегациясы менен келе турганын айтты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар парламенттик демократияны өнүктүрүү тууралуу пикир алмашты. Ошондой эле ШКУнун алкагында эки өлкөнүн кызматташуусунун келечегин, эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан