Саясий серепчи Алмазбек Акматалиев: "Жээнбеков сотторго эркиндикти берди"

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда бир топ саясатчылар абакка кесилген, алар муну саясий куугунтук деп баалашууда. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы жыйынындагы билдирүүсүнөн кийин коомдун бир бөлүгү мурунку бийлик тушунда камалгандарга соттун чечими өзгөрүлөт деп күткөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин камактагы саясатчылар боюнча иш мурунку калыбында калып келүүдө.

Ушул кырдаалдан улам SUPER.KG порталынын "Атамбаевдин тушунда "саясий негизде соттолгон" делген саясатчылардын дагы деле акталбай жатышынын себеби эмнеде?" деген соболуна саясий серепчи Алмазбек Акматалиевдин жообу төмөнкүдөй.

Саясий серепчинин айтымында, соттор өз алдынча чечим чыгаруу кадамын жасай албай, мурунку калыптанган абалдан чыга албай жатышат.

"Атамбаевдин убагында бир топ саясатчыларга саясий куугунтук болуп, саясий жагдайдан улам соттолгону бул факт. Азыркы соттор мурда бир жерди карап көнүп калышкан, сот тармагында ошондой психологиялык абал калыптанып калган, ошондон чыга албай жатышат.

Учурда мурдагыдай жогору жактан көрсөтмө берүү жок, Жээнбеков сотторго эркиндикти берди. Болгону соттор өз алдынчалыкка ээ боло албай жатат.

Дагы бир жагдай “карга карганын көзүн чукубайт” дегендей бири соттосо, кийинкиси актай албай кыйналып жатышат. Сот бийлиги эч жактан көрсөтмө күтпөш керек, азыр Жээнбеков айтып соттолгондор акталып кетсе, анда Атамбаевдин тушундагы көрүнүштөн айырмасы кайсы? Соттор өз алдынча чечим чыгарууга жетишип, өздөрү кетирген каталыкты өздөрү түздөш керек”, - деди Акматалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев, коомдук ишмер Мурат Жетимишбаев, журналист Жамиля Аилчинова, саясий ишмер Эдил Байсалов жана саясат таануучу Игорь Шестаковдун пикирлери бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан