Депутат Исхак Масалиев: “Соттук реформа сотторду алмаштырууга айланып кетти"

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик мекемелерде коррупцияга каршы күрөш жыргатарлык эмес жүрүп жатканын белгилеген. Мындан улам судьялыкка талапкерлердин декларацияларын дыкат текшерүү керектигин жана соттук реформаны тездетүүнү айтып, бул маселе жеке көзөмөлүндө болорун убадалаган.

Буга байланыштуу түзүлгөн SUPER.KG порталынын "Сот системин реформалабай туруп коррупция менен күрөшүү мүмкүнбү?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев төмөнкүдөй жооп берди.

“Сот системин реформалабай туруп коррупция менен күрөшүү мүмкүн эмес. Сот реформасы болуп жатат, бирок жетиштүү деңгээлде жана сапатта эмес. Реформа сотторду алмаштырууга айланып кетти, соттордун аттары өзгөрдү, ал эми систем ошол эле бойдон калууда.

Коррупция менен жалпы коомчулук бирге күрөшүш керек. Кыргызда жакын тууганыбыз кызматка отурганда “кызматың майлуу-сүттүү болсун” дейбиз, бул туура жакшы тилек менен айтылды, бирок которо келгенде мааниси туура эмес болуп калат да. Биз аң сезимибизге реформа жасашыбыз керек.

Сот реформасын токтотпошубуз керек, ошол эле мезгилде коррупция менен күрөштү да токтотпошубуз керек. Кичине эле кызматынан ката кетиргенде иштен алынса, ошондо эч ким өз кызматында отуруп катачылыкка жол бербейт. Коррупцияны эч ким эч качан жоё албайт, азайтыштын аракетин кылыш керек”, - деди Масалиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Мирлан Жээнчороев, журналист Семетей Талас уулу жана юристтер Канатбек Азиз менен Нурбек Токтакуновдун жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан