Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңеш Эсептөө палатасынын төрагасынын отчётун угат. Парламенттин жалпы жыйынында аталган мекеменин башчысы Улукбек Марипов 2017-жылы жасалган иштер тууралуу маалымат берет.
Буга чейин Эсептөө палатасынын төрагасынын отчёту Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинде каралып, "канааттандырарлык" деп табылган. Анда Улукбек Мариповго бир нече сындар жана сунуштар айтылган. Эл өкүлдөрүнүн бир тобу Эсептөө палатасын бюджеттен акча уурдагандарды же каражатты туура эмес сарптагандарды укук коргоо органдарына өткөрүп берүү менен эле чектелбестен, алдын алуу иштерин да жүргүзүүгө чакырышкан.
Бүгүн мындан сырткары жалпы жыйында билим берүү боюнча 3 мыйзам каралмакчы.