"Коопсуз шаар" долбоору ишке ашса, жол кырсыктары азаябы деген суроонун негизинде SUPER.KG порталынын соболуна "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Зарылбек Рысалиев жооп берди.
Ал "аталган долбоор менен коррупция жоюлбайт" деген сөздөр туура эле айтылып жатканын билдирди.
"Коопсуз шаар" долбоору бул техника да, бир нерсени шыбырап айта албайт, маалымат бере албайт, ал адам эмес. Техниканын артыкчылыгы да бар, кемчилиги да бар. "Адамдан амал качып кутулбайт" дегендей, коррупция жоюлбай калышы мүмкүн. Ал эми жол кырсыктарынын азайышы күтүлөт", - деди Рысалиев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Кенжебек Бокоев, Зиядин Жамалдинов, Акылбек Жапаров, Айсулуу Мамашова, жарандык активисттер Айбек Мырза, Калича Өмүралиева, Болот Ибрагимовдун пикири төмөнкү шилтемеде.