Игорь Чудиновдун депутаттык мандаты Бактыбек Турусбековго тапшырылды

14-июнда Игорь Чудиновдун депутаттык мандаты Бактыбек Турусбековго тапшырылды.

Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынан депутат Игорь Чудиновдун депутаттык ишмердүүлүгү соттолгонуна байланыштуу токтотулду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Турусбековго күбөлүк жана төш белги тапшырды.

Бактыбек Турусбеков буга чейин өкмөттүк аппараттын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.

Эске салсак, 2017-жылы Октябрь райондук соту 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча айыпталган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун иши боюнча депутат Игорь Чудиновго 5 миллион сом айып салынган. 2018-жылдын 1-июнунда Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан