16-июнда Бишкек ЖЭБинин аймагында түтүк жарылган. "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясы ЖЭБде эч кандай авария болбогонун айтып, түтүктөрдүн жогорку басымга чыдамдуулугун текшерүү болду деп түшүндүргөн. SUPER.KG порталынын чын эле атайын текшерүү иштери болгонбу деген соболуна "Ата Мекен" фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов жооп берди.
Ал текшерүү иштери жүргүзүлгөнгө ишенсе болот деген пикирде. "Мындан мурун түтүктөрдү жогорку басым менен текшерилет деген маалыматтарды окугам. Ишенсе болот. Себеби жалган айткандар жоопкерчиликке тартылып жатат. Аткаминерлер жалган айтканга барбай калды", - дейт Нышанов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Мыктыбек Абдылдаев, Аалы Карашев, Аида Касымалиева, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, ЖЭБдин мурдагы башчысы Лев Васильев, эксперт Расул Умбеталиев жана жарандык активист Жеңиш Молдокматовдун пикири төмөнкү шилтемеде.