Мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин 2013-жылы үй-мүлкү боюнча тапшырган декларациясына ылайык, анын 224,5 чарчы метр аянтты ээлеген үйү бар. Сатыбалдиевдин жакындарына 200 чарчы метр аянтты ээлеген батир, 13,5 чарчы метрлик гараж таандык экени айтылат маалыматта. Унаалары: 2005-жылы чыккан Тойота Прадо, 2008-жылы чыккан Тойота Раф, 2002-жылы чыккан Хонда Сивик.
Экс-премьер-министр 2013-жылы 1 миллион 55 461 сом киреше тапкан. Анын жакындары аталган жылы 1 миллион 8540 сом пайда табышкан.
Сатыбалдиев 2012-жылдын сентябрь айынан 2014-жылдын мартына чейин премьер-министр кызматын аркалап келген.
Эске салсак, кечээ, 18-июнда Сатыбалдиев ЖЭБди модернизациялоо алкагында козголгон кылмыш ишинин негизинде кылмышка шектүү катары кармалды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 6-бөлүгүндө (кылмышка шериктеш болуу) жана 303-беренесинин 1-бөлүгүндө (коррупция) негизинде кылмыш иши козголгон.