Орусияда оорунун айынан мурдунан ажыраган бейтапка кабырга сөөктөрүнөн жаңы мурун жасалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.Операциядан 6 ай өткөн соң дарыгерлер 3D-КТ-моделдөөнүн жардамы менен алгач макет түзүп, бейтаптын кабырга сөөктөрүнөн жаңы мурун жасашкан. Андан соң даяр болгон мурунду операция жолу менен бейтапка тагышкан. Операция жасалгандан бери 6 жума өткөн. Дарыгерлердин айтымында, учурда бейтаптын абалы жакшы.