Москва шаарында Кыргыз жарандары футбол боюнча "Кыргыз кубогу" аттуу мелдеш уюштурууда. Бул тууралуу окурман "Элдик кабарга" маалымдады.
Анын айтымында, Кыргыз жеринин жети дубанынан барган жарандар өз ара командаларга бөлүнүшкөн.
"Оюн ар жекшембиде "Марьино" метросуна жакын жердеги футбол талаасында өтүүдө. Келип өз командаларыңызга күйөрмандык кылып кетиңиздер. Өткөн жекшембиде башталган мелдеш дагы бир айга уланат. Мындай иш-аракеттер мекенден алыста жүргөн жарандарыбыздын ынтымагын бекемдейт", - деп жазган ал өзүнүн билдирүүсүндө.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.