ЭЛДИК КАБАР: Окурман: "Мамлекеттик мекемелер текшерүү келгенде ишин токтотуп туруу керекпи?"

Базар-Коргон райондук жол кыймылын камсыздоо бөлүмү бүгүн, 25-июнда айдоочулук күбөлүктөрүн кайтарып алуу үчүн барган айдоочуларды кабыл албай жатат. Бул тууралуу окурман билдирип, кызмат мындай аракетин аларга текшерүү жүрүп жатканы менен түшүндүрүшкөнүн кошумчалаган.

"Канчалаган айдоочулар жумушун таштап атайын келишкен. Бирок кызматкерлер бизде комиссия бар деп эч кимди кабыл албай жатат. Иш күндөрү текшерүүчүлөр келсе мамлекеттик мекемелер жумушун токтотуп туруу керекпи?" - деп суроо салган ал өзүнүн билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tynchy
2018-06-25 13:32:46
токтотуп салган болмок беле касяктары коп болсо керек же шапкесин ала албай калабыз деп токтотуп жатышса керек
+2
Snejana
2018-06-25 13:34:08
Алар ушундай да. Ишин токтоткону эч нерсе эмес да. Текшеруучулорду коноктоп, акча чогултуп..., иши кылса байкуш сотрудниктерди кыйнашат экен. Бул факт. Министр келет дегенде, бир жумалап ишти токтотушат. Министирлер келчуу жолдорду окуучуларга тазалатып, сойчуу коюн даярдашып, кыз-келиндери тунку саат 23:00го чейин боорсок, салат жасап дегендей. Кызганычтан бир уй-булоо ажырашканын билем. Иши кылса мен дагы сурагамын. Илгертен келе жаткан салт деп тушундурушкон.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан