Орусиянын Екатеринбург шаарында иштеп жүргөн мигрант Дастанбек Султанов SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө кайрылып, шаардагы Кыргыз консулдугуна нааразычылыгын айтты.
Анын айтымында, консулдукка учурда мигранттар эч кандай ишеним артпайт, документ керек болгону үчүн гана айласыз барууга туура келет.
"Консулдуктун кызматкерлеринин бизге болгон кайдыгер, орой мамилеси көптөн бери токтобой келе жатат. Барсаң, улгайган адамсыңбы, бала менен келдиңби эске албайт, баарын кезекке тургузуп, көпкө күттүрөт. Өзүбүз иштейбиз деп келсек, анан жумушту таштап консулдукта жүрө бергенге эч кимде мүмкүнчүлүк жок. Ал эми анда иштегендер "күткүлө", "кызматкер жетишсиз" дегенден башканы айтпайт. Мигранттардын баарынын кыжыры келип, ачууланып жүрөбүз. Бүгүн 2 баласы менен келген келинчегиме 4 сааттан кийин гана кезек жетти", - деп билдирди мигрант.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.