ЭЛДИК КАБАР: "Сокулукта жергиликтүүлөр балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала албай убара" дейт окурман
"Сокулукта жергиликтүүлөр балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала албай убара" деген билдирүүсүн окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жөнөткөн.
"Сокулук районунда жарандар жаңы төрөлгөн балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала албай жатышат. Жарандык абалдын актыларын каттоо кызматкерлеринин айтымында, аталган районго күбөлүктүн бланктары 2 айдан кийин келет экен. Күбөлүк жок болгондуктан биз мамлекет тарабынан берилүүчү сүйүнчү пулду дагы ала албай жатабыз", - деп билдирген окурман.
Ошондой эле окурман Кыргыз жергесинде эле даярдалуучу бланктардын 2 айда даяр болушу таң калычтуу болуп жатканын айткан.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.