ЭЛДИК КАБАР: Окурман: "Кызыл-Кыядагы базарда "санэпидемстанцияданмын" дегендер товарды текшербейт, 50 сом алып, квитанция берет. Бул туурабы?"

"Баткендин Кызыл-Кыя шаарындагы базарга "санэпидемстанцияданмын" деп бир аял келип, түшүмүн сатып отурган дыйкандардан 50 сом алат да, текшерүүдөн өттү деген квитанция берет", - деди Дилфуза М. аттуу окурман "Элдик кабарга" WhatsApp аркылуу жөнөткөн билдирүүсүндө.

Анын айтымында, дыйкандардын кээ бири бул акчаны берсе, кээ бири анын мындай ыкма менен акча топтогонуна нааразычылыгын билдиришет.

"Негизи санэпидемстанциядан квитанция бериш үчүн товар текшерүүдөн өтүшү керек да, а булар ижараны топтогон сыяктуу эле ар бир адамдан 50 сомдон ала берет. Көзөмөлдөөчү органдар барбы же бул туура көрүнүшпү?" - деп суроо салды окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
plaza85
2018-06-27 15:07:10
Бербеш керек болчу, алар алып жаман уйронуп калган катуурак турсан озу кетип калат.
-2
Sahka
2018-06-27 15:58:24
Бул жаны нерсе эмес. Илгертен бери эле берип, алар алышып келет. Кыргызыстандын жашоосу ушундай болуп калган. Онолооруна коз да жетпей калды го
0
Jasa
2018-06-27 20:07:54
Sahka,

+++
0
sabira.1990
2018-06-27 23:23:08
Кафелерде деле текшербейт,акчасын алат кетет таракан журобу, чычкан журобу иштери жок
+1
nurkojo
2018-06-28 11:04:08
стоянкасы тажатат, токтогон жерден акча алмай! алган квитанция экинчи жерге отпойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан