"Бишкек шаарындагы Москва көчөсүнүн оңдолуп жаткан бөлүгүндө жумуш аяктап, жол ачылганы турат. Жолго асфальт төшөлгөнү менен бордюрга чейинки 2 метрдей жер асфальттанбай калган", - деп жазылат "Элдик кабарга" келип түшкөн билдирүүдө.
Окурмандын айтымында, алар жол куруучулардан эмне үчүн асфальт мындай абалда төшөлүп жатканын сурашкан.
"Бизге долбоор боюнча ушундай асфальттанып жатат деп жооп беришти. Мындай абалда тургундарга ыңгайсыздык жаралат. Негизи жол четин асфальттабай коюунун мааниси эмнеде?" - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.