Бишкекте эң арзан жана даамдуу банан кайда сатылат?

Кыргыз тойлорунда мөмө-жемиштер кооздолуп даярдалган столду банансыз элестетүү кыйын. Банан даамдуу жана витаминдерге бай болгондуктан аны наристелер да, улгайгандар да, баары жакшы көрүшөт. Бул ден-соолукка пайдалуу мөмө-жемишти бүгүнкү күндө ар бир базардан жана ири дүкөндөн жеткиликтүү баада тапса болот.

Банандын өскөн жеринен баштап сиздин столуңузга чейинки "саякаты", аны кантип туура тандоо керектиги жана баалары тууралуу SUPER.KG порталына "Фрунзе" ири маркетинен айтып беришти.

"Кара тактары бар банандар абдан ширин болот"

Банандарды ар кандай түстө көрсө болот. Жашыл түс банандын быша электигин билдирет. Эгер жашыл бананды ала турган болсоңуз, аны муздаткычта бир күн сактап, андан кийин жеген туура болот. Кара тактары бар банандар абдан ширин жана даамдуу болот. Ушундай банандар чоң суроо-талапка ээ. Карайып калган бананды албаш керек. Мындай банандар тортторду жасоого пайдаланылат. Биздин гипермаркетте карайып калган банандар жок кылынат. Бананды тандоодо катуураагын алыш керек. Жумшагынын даамы жок, супсак болот.

"Базарларда банандын килограммы 90-120 сом болсо, "Фрунзеде" 65 сом"

Өлкөдөгү базарларда жана ири дүкөндөрдө банандын баасы 90 сомдон 120 сомго чейин. Ал эми "Фрунзе" ири дүкөнүндө 65 сом. Бул абдан жеткиликтүү баа. Эсептеп көрсөк, "Фрунзеден" 7 даана бананды болжол менен 43 сомго алса болот. Биз баа саясатын сактайбыз, акция болгон күндөрү баа 55 сомго чейин түшөт, банандын дефицити болгон учурда баа 75 сомго чейин чыгышы мүмкүн. "Фрунзеде" банан арзан болгондуктан, базарлардан келип бизден чоң көлөмдө алганга аракет кылышат.

"Банандын "саякаты": Эквадор-Орусия-Казакстан-"Фрунзе"

Эквадор - дүйнөдө бананды ири масштабда экспорттоочу мамлекет. "Фрунзедеги" банандардын бардыгы ушул өлкөдөн келген. Башында банандар кеме менен Эквадордон Орусияга 26-28 күн күн ичинде жеткирилет. Мөмө-жемиш жолдо бузулбашы үчүн атайын жабдуу менен туруктуу температура сакталат. Санкт-Петербургдагы порттон алынып түшүп, фураларга жүктөлүп, Казакстан аркылуу Бишкекке 10 күн ичинде жетет. Бишкекте атайын цехте 5 күн сакталып, "Фрунзенин" филиалдарына таратылат.

Мына ушундай узак жол менен банан сиздердин столуңуздарга келет. “Фрунзе” ири дүкөнүнөн сиз бананды эң жеткиликтүү баада сатып ала аласыздар.

***

Эгер сиздерде продукциялар боюнча сунуштарыңыздар болсо, "Фрунзе" ири маркеттер тармагы жооп берүүгө даяр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Chagylgan1
2018-06-29 14:08:29
Банан Африка менен Латын Америкасынан келет... Анан как будто бананды Фрунзе магазини озу жасап чыккансып рекламалап кереги жок... Базардагы банан да, Фрунзедеги банан да баары тыштан келген банандар... Кайсы компания жонотконуно карап баасы озгорушу мумкун...

Фрунзеде банандын баасы арзан болсо, демек банандын эн арзан турун сатып жатса керек...
+3
nur_92
2018-06-29 20:49:23
Chagylgan1,банан эквадордон келет братишкажазып жатканда кичине ойлонуп жазсан банандын жаманы болбойт мен 8 жылдан бери банан менен иштеймго
0
Chagylgan1
2018-06-29 21:19:02
nur_92, биринчиден братишка сен болосун, экинчиден Эквадорун Латын Америкада жайгашкан. Учунчудон банандын баасы сорт, жоноткон фирмага карап озгорот. Тортунчудон банандар жаны келген жана туруп калган деп да болунот...
+2
Azat.97
2018-06-29 14:15:53
Сомду болушунча иштеп атасынар ээ супер.
+9
gul-jana2
2018-06-29 14:24:55
Azat.97, Сен да жолун таап иште да)) Азыр иштегендердин иши журушот. Ич куйдулонуп отура бербей.
-4
Azat.97
2018-06-29 14:50:43
gul-jana2,ичим куйгон жок болгону айттым.Сага караганда мен кобуроок табам керек болсо
+6
gul-jana2
2018-06-29 15:13:44
Azat.97,Молодец! Тап ошентип, эркек акча табышы керек. Вопрос: Интересно, а мен канча акча табарымды кайдан билесиң, озундуку менен салыштыргыдай???
-4
Chungyz
2018-06-29 14:19:45
Кайактан келсе да жей беребиз
+6
Erik.kainashov.kg
2018-06-29 14:20:44
Фрунзенин бананы арзан болгону менен даамы качествосу анча эмес. Банан жегендей болбойсун. Базардагы кымбат бирок сорттору озгочо болот
+6
gul-jana2
2018-06-29 14:29:12
Фрунзенин бардык сеттерине доставка кылган компанияда Менин тууганым иштейт. Срогу отту делген банандарды дайыма чогултуп кетишет. Аны ыргытмак беле, дальше базарларда арзан сатса керек да. Ошон учун эн биринчи каякка жеткирилсе ошол жерден алган жакшы.
+4
Aykan08
2018-06-29 14:43:25
Мен балдарыма ушул гипермаркеттен алам, чынында арзан. Болгону жашылыраагын, катуусун аламын, анткени витаминдер жашылында коп болот деп. Эмне болсо да банан сонун. Биз коп жейбиз. Эквадордон келгенин деги билчу эмес экем.
+1
Batma.Sh
2018-06-29 14:48:22
Биз Ош базарынан алабыз.Токтогул көчөсүнөн кирген жагында,күн чыгышты карап саткан келин бар,помпошка Элмира деген.Ошондон алабыз.Неге дегенде базарда тез-тез түгөнүп,жаңылап келип турат.
+2
Modric10
2018-06-30 14:38:29
Batma.Sh,помпошка де
0
frunze777
2018-06-29 15:39:25
Эмнеге эле карайган точкалары бар банан жакшы дейт десе, срогу отуп кеткендер сатылат турбайбы... Мен ошондой тушундум...
+2
Dembele84
2018-06-29 19:26:25
frunze777,Карайган точкасы барлар бышып жетилгендиги учун дааамдуу болот,бирок дагы эки уч кун турса общий карара баштайт.
+1
Erik.kainashov.kg
2018-06-29 15:46:14
Базарда сатылган kassandra, victoria деген банандар высший сорттогу банандар. Фрунзе менен базардагы бананды алып экоон тен жеп даамын сезип коргуло. Эки бананды алгыла да сактап коргуло. Базардагы банан холадильниги жок эле 2-3кун турат карайбай эле ошол бойдон. Аа Фрунзеники бат карайат 2сорттогу банандар. Проба кылып коргом ошон учун кенешим ушул
+2
Aykan08
2018-06-29 16:03:46
Erik.kainashov.kg, банан сатып иштейт окшойсуз)))))
-2
senchi
2018-06-29 19:42:05
Кыскасы банан жегиле дегин
0
saltanat.
2018-06-29 20:02:52
Мынча кымбат
0
nur_92
2018-06-29 20:51:52
Фрунзеде ото арзан экен базарда бир штугу 20сомго
-2
aiba.8327
2018-06-29 22:49:20
Ачык эле корунуп турат Фрунзе маркеттин банан бойунча жарнамалап жатканы....Чынын да эле базар баасынан арзан..
0
Romantik.
2018-06-29 23:07:42
Дааный время Москвада банандар 50-60 рубль болуп атат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан