Депутат Дастан Бекешев 3 судьяга кылмыш иши козголгону боюнча: "Судьялар кичине катачылык кетиришти, өздөрү моюнга алышы керек"

Жогорку Соттун 3 судьясына көзү азиз акынды мыйзамсыз кармоо боюнча кылмыш иши козголду. SUPER.KG порталынын "Бул окуянын артында эмне турат деп ойлойсуз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин пикири төмөнкүдөй болду.

Бекешев судьяларга жеңилирээк чараларды деле колдонсо болмок.

“Кандай киши болбосун ар бир адамдын укугу сакталышы керек. Судьялар жөнүндө айта турган болсок, чындыгында алар кичине катачылык кетиришти, муну өздөрү моюнга алышы керек. Бирок ошол эле учурда башка деле жоопкерчиликке тартуу жолдору бар, мисалы, жумушунан кетирсе болот. Мындай жол менен кете берсек анда 400 судьяга тең иш козгош керек болот, себеби бардык судьяларда ушундай катачылыктар бар. Башкы прокуратура бул нерсеге жакшы көңүл бурбай жатат.

Менин оюмча, Жогорку Соттун ошол орундары бирөөлөргө керек болуп жатат, себеби алар "11 күн отура берсин" деп чечпейт да, ЖАМК соттун токтомун алгандан кийин жибериш керек болчу. Бул жерде СИЗОнун күнөөсү бар, судьялардын тиешеси жок. Жабырлануучу өзү деле арыз жазган жок”, - деди Бекешев.

Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева, мурдагы депутат Асия Сасыкбаева, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, юридикалык илимдердин доктору Кайрат Осмоналиев, юрист Канат Хасановдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан