Юрист Канат Хасанов: "3 судьяга козголгон кылмыш иште эч бир саясат жок"

Жогорку Соттун 3 судьясына көзү азиз акынды мыйзамсыз кармоо боюнча кылмыш иши козголду.SUPER.KG порталынын "Бул окуянын артында эмне турат деп ойлойсуз?" деген соболуна юрист Канат Хасанов жооп берди.

Хасанов бул жерде эч кандай саясат жок экенин, болгону мыйзам иштеп жатат деген оюн айтты.

“Мен бул жактан эч кандай бир саясатты көргөн жокмун, бул жакта чындыгында эле мыйзам бузуу болгон. Бул деген соттордун шалаакылыгы. Азыркы Жогорку Соттун судьяларына козголгон иш алгачкы үлгү, буга чейин судьяларда пара алуу жана башка иштер менен кармалгандар көп эле болгон. Президенттин “ким болбосун, баары мыйзам алдында жооп берет” деп айткан сөзү таасир берип жатат. Жөнөкөй эле мисал айтайын, кечээ мен жеке иштерим менен сотко барсам алар мурдагыдан таптакыр башка мамиле көрсөтүштү, мыйзам жолу менен иш алып барып жатышат.

Мындан ары соттор ойлонуп калат деп ишенип жатам. Менин оюмча, катуу тартипке келтириш керек, себеби соттордун шалаакылыгынан көп адамдар жабыр тартууда”, - дейт Хасанов.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева, мурдагы депутат Асия Сасыкбаева, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, юридикалык илимдердин доктору Кайрат Осмоналиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан