Биз социалдык тармакта

Мэр Иса Өмүркуловдун отчётун угуу маалында аткарган иштери тууралуу видеоролик көрсөтүлдү

Бишкек шаарында 6000дей өз алдынча салынган курулуштар бар, алардын 3500үн гана мыйзамдаштырууга болот. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун отчётун угуу учурунда көрсөтүлгөн видеороликте маалымдалды. Анда ошондой эле борбордогу жаңы конуштардагы жолдор жана унаа жолдор оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткандыгы тууралуу маалыматтар берилди. Шаар башчы “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын материалдык-техникалык базасы жакшыртылып, ирригациялык түйүндөр оңдолуп, миңдеген бак-дарактардын көчөттөрү отургузулганын жана шаардагы тышкы жарык берүү аппараттары жаңыртылып жатканын жана башкаларды айтып өттү.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан