Бүгүн, 27-июнда Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында митинг башталууда. Бул тууралуу Жети-Өгүз райондук администрациясынын басма сөз кызматы билдирет. Азыркы тапта 1000дей киши чогулуп турат. Бийлик өкүлдөрүнөн Жогорку Кеңештин депутаты Эркинбек Алымбеков, Коргоо жана коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов жана өкмөттүн облустагы жаңы дайындалган өкүлү Эмилбек Каптагаев катышууда.