“Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламент” мыйзам долбоору бүгүн, 27-июнда ЖКнын жыйынында экинчи окууда каралды. Бул мыйзам долбоору кооптуу өндүрүштүк объектилерди долбоорлоо, куруу, пайдаланууга берүү, кеңейтүү, калыбына келтирүү, техникалык кайра жабдуу жана жоюу процесстеринде пайда болуучу коркунучтуу жана зыяндуу факторлордон адамдардын жашоосун, ден соолугун жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча коопсуздукту камсыздоо максатында иштелип чыккан. Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы техникалык жөнгө салуунун негизги жоболорун аныктоого, опурталдуу өндүрүштүк объектилерде авариялардын алдын алууга жана уюмдардын анын кесепеттерин токтотууга даярдыктарды камсыздоого багытталган мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди. Депутаттардын суроолоруна энегетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев жооп берди.