ЭЛДИК КАБАР: "Дубал алдындагы таштандылардан жагымсыз жыт келип ар кандай ооруну пайда кылуу коркунучу жаралууда" дейт окурман

"Дубал алдындагы таштандылардан жагымсыз жыт келип, ар кандай ооруну пайда кылуу коркунучу жаралууда" деген билдирүүсүн окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жөнөткөн.

Окурмандын айтымында, көчөдөгү таштандылардын чыгарылбай турганына көп убакыт болгон. Жайкысын таштандыдан жагымсыз жыт чыгып, тургундарга ыңгайсыздык жаратып жатат.

"Токмок шаарына караштуу Покровка айылынын Школьный көчөсүндө таштанды таштоочу жай бар. Ал жактан көп убакыттан бери таштандылар чыгарылбай турат. Жайкысын таштандыдан жагымсыз жыт келип ыңгайсыздык жаратууда. Ошондой эле ал жакта кароосуз калган ит, мышыктар таштандыны чачып, айлананы булгап жатат. Айыл өкмөтү бул таштанды таштоочу жайды башка жерге көчүрөбүз деп убада берген. Бирок ал иш жүзүнө ашпай келет", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
arimle00
2018-07-18 21:43:15
Мынча таштандыны чогулткан озунорсунор да. Биз айылда таштанды таштоочу жайы жок эле жашап журобуз. Пакеттерди орттогуло. Ит багып, ашкан тамак ашынарды ыршытпай итке бергиле. Орттоло турган нерселерди орттоп жок кылгыла да
+5
Janyjol.86
2018-07-18 21:54:55
arimle00,туптуура айттын, бул созуно кошулам
0
monster_high_98
2018-07-18 22:10:33
arimle00,Ооба,мисалы бизде деле ушундай ацылда мусорду кочого чыгарбай озубуз эле жок кылабыз,а эгер топтолуп калса бир жерге ынтымакташып тазалап ортточусун орттойбуз,суротто аз эле мусор экен,эки учоо чогула коюп тазалап коюшса болот,жалкоолонбой!Денсоолук озулоруно керек, ХХХХХХХХ депутаттар барып мусорду тазалап беришсин деп!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан