ЭЛДИК КАБАР: "Айдоочулук күбөлүгүмдү жоготуп жибергендиктен кайра алайын деп Орусиядан келсем, эки ай күт деп жатышат" дейт окурман

"Жоготуп жиберген айдоочулук күбөлүгүмдү кайра алайын деп документтерди топтоп барсам эки ай күт деп жатышат", - деген билдирүүсүн окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жөнөткөн.

"Өзгөн шаарындагы РЭО деген жерден айдоочулук күбөлүктү ала албай жатам. Өзүм Орусиядан жоготуп жиберген айдоочулук күбөлүгүмдү алайын деп келгениме бир ай болду. Менде бардык документтер бүткөн. Ишимден 29-июлга чейин гана суранып келгем. Эми болсо бул жактан 2 ай күт деп жатышат. Эмнеге бүткөн документти карап, эки ай күтүшүм керек? Элди кыйнабай убагында эле берсе болбойбу?" - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
bond02
2018-07-22 12:05:07
РЭО, кут десе кутосун да анан Россиядан келиптир деп сага даярдап турмак беле.
-9
Missing-u
2018-07-22 12:10:17
bond02,документ баары даяр болсо сразу эле берет,кичине тыйын берсениз алып аласыз болбосо кутосуз
+12
Beka9393
2018-07-22 12:09:01
Эки айга убактылуу айдоочулук күбөлүк жазып берет ошол айдоочулук күбөлүктүн мөөнөтү бүткөн соң айдоочулук күбөлүгүмдү таппай койдум деп барып кассага штраф төлөйсүң анан сүрөткө түшөсүң сага жаңы айдоочулук күбөлүк берет.
+7
Tolkun555
2018-07-22 12:20:15
Мен дагы Россиядан жонотуп алып барып кайра алдым.документтерди тапшыргандан кийин 1 айта убактылуу куболук жазып беришти. 1 абдан кийин банкка акча толоп суротко тушуп оригиналын алдым.законго бар ийген жакшы тууганым.
+4
Tolkun555
2018-07-22 12:24:26
Т9 менен кыйла ката жазылып калыптыр кечиресиздер.тууралап окуп коёсуздар деген үмүттөмүн. Ракмат.
-3
Aikaaaa
2018-07-22 13:31:21
Tolkun555,ушу Т9 дегенди колдонбой,өчүрүп салса болбойбу,жүдөтөт экен го
+2
samsungc3
2018-07-22 12:46:00
Жоготкондон кийин жасатканы канча сом экен банкка тологон акчасы.Биздикилер да жоготуп коюптур.
0
Tolkun555
2018-07-22 14:30:26
samsungc3,штраф справкасы болуп жалпы 3000 гежасаттым
+1
Tyty1990
2018-07-22 13:52:15
акча берсең эки саатта аласың
+1
jiku_83
2018-07-22 14:02:57
Жалал-Абадта кочкор ата шаарында РЕО кызматкерлери кадимкидей эле акча талап кылышат бербесең келип кетип жүрө бер дейт тооба...
буларга чара колдоно турган адам барбы?!
0
jiku_83
2018-07-22 14:06:54
D категориясына тапшырдым еле 2 жолу экзаменден жыгытып койду...
жиним келип барбай койдум "Д"сы жок еле жүрөм деп)))
+3
Jyrgal_msk
2018-07-23 15:24:58
jiku_83,Жыгытып койдубу же жыгылып калдынбы?
0
Azat.97
2018-07-22 14:05:50
Кут десе кутосун да.2 ай убактылуу айдоочулук куболук берет.Россиядан келесинби Америкадан келесинби мыйзамды сыйлашыбыз керек.
+3
Ermekbai
2018-07-22 14:47:25
Эски айдоочулук күбөлүктү алмаштырсам канча убакыт күтөм канча төлөп алам билгендер жазып койгулачы.
0
Beka9393
2018-07-22 14:52:34
Ermekbai, Сразу эле аласыңар заменага деп миң сом төлөйсүң кассага.
0
sabirdinovich
2018-07-22 16:49:11
Мени деле 2ай күт деп, убактылуу айдоочу күбөлүк жазып беришти, азыр аны менен айдап жүрөм. 2 айдан кийин оригиналын алууга болот.
Бирок бул жигитти да түшүнсө болот, ары жакта жумушчу күтүп жатат. Биздин өкмөт Грузиядай кылып документтерди 2 саатта бүтүрүп бергидей кылса, элге жакшы болот эле.
0
Hatali
2018-07-22 17:03:46
Россиядан Крнын паспорту менен права алгандар барбы? Болсо кандай права беришет пропискага окшотуп убактылуу берип койбойбу? Билгендер жаза кеткиле?
0
BTFB93
2018-07-22 18:23:10
КМен деле д бастырыш учун эки ай куттум го мыйзамга карап иш кылышса да жакпайт эрте бутуролу деп пара бере салып коррупцияны баштаган Озубуз анан эле акча талап кылып жатышат деп куноолойьуз
0
Sezimka27
2018-07-22 19:10:41
ватсаптан смс жонотум ачпайтастарго
0
Kroxa
2018-07-23 04:14:56
Россиядан жоготосунбу Кыргызстандан жоготосунбу алардын иши канча баары бир кутосун да бирок биз барып эле алдык 6 мин толотушту.. Компютерде баардыгы очуп калган эскилер сакталбай деп шылтоолошту.. Тааныган эле адамдар.. Эми мейли дедик.. Кетиш керек эле ошого шаштык..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан