Бүгүн, 24-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарында таза суунун баасын көтөрүү керектигин айтып чыкты. "Бааларды сөзсүз карап чыгуу керек, түшкөн акча аймактарды таза суу менен камсыздоого жумшалат" дейт премьер. Бул жүйө Кыргыз коомчулугуна жакшы тааныш. Бакиевдин да, Атамбаевдин да бийлиги тушунда өкмөт электр жарыгына бааны көтөрүүнү сунуштаганда "тарифти көтөрүүдөн түшкөн акча энергетика тармагын оӊдоого жумшалат" деген жүйөнү айтып келген. Өлкө эгемендик алган 27 жылда энергетика тармагына деп 100 миллиард сомдон ашуун сырттан насыя алынган. Ошончо миллиарддан кийин деле бул систем өзүн-өзү актаган тармакка айланып кеткен жок. Уурдоолор жоюлбаганы, ал эми тармакты оңдоого алынган насыялар, бюджеттен бөлүнгөн акчалар кантип пайдаланылып жатканы Бишкек ЖЭБин жаңылоонун мисалында белгилүү болуп жатат.
Расмий маалыматка таянсак, азыркы тапта өлкөдө айылдардын үчтөн бири же 630 айыл таза сууга муктаж.
Аймактарды таза суу менен камсыздоо үчүн Кыргыз өлкөсү көп насыя, грант алган. Мисалы, быйыл эл аралык уюмдардын каржылоосу менен бир эле Ноокат районундагы 4 айылды таза суу менен камсыздоо үчүн 242 миллион жумшалууда. 2016-жылы Кербен шаарын таза суу менен камсыздоого Дүйнөлүк банктан 4 миллион 200 миӊ доллар акча каражаты бөлүнгөн. Алынып жаткан насыя, гранттардын кайда, кантип пайдаланылып жатканы текшерүүгө муктаж. Быйыл эле өлкөдө 53 айылды таза суу менен камсыздоо үчүн Дүйнөлүк банктан 20 миллион доллар алуу жөнүндө келишим бекитилген. Табигый таза суунун башында жайгашкан өлкөнүн премьери "эгер өлкө таза суу менен камсыздалсын десеӊер, анда тарифти көтөрүүгө макул болушуӊар керек" дегени таң калыштуу. Бааны көтөрүү – оңой жол. Кредит жана гранттарды өз дарегине, эффективдүү пайдалануу, уурулукту бардык деңгээлинде жоюу – бул көп мээнетти жана эркти талап кылган, бирок өнүгүүгө алып келүүчү жол.
Суу - Кыргыз өлкөсү сырттан сатып албаган, электр кубаты, газ, мунай өӊдүү каражат менен убакыт, күч сарптап даярдалбаган табигый ресурс. Бул табигый байлыкты ансыз деле бардар жашабаган элге арзан баада жеткирип берүүнүн ордуна, өндүрүлгөн товар сыңары кымбатыраак сатып, адаттагыдай элдин эсебинен миллиондорду топтоп алууну көздөө элге каршы чечим.
Муну менен катар өкмөт элди таза жана коопсуз, жашыл шаар, айыл, тегиз жол, жарык көчө, сапаттуу билим берүү, сапаттуу медициналык тейлөө менен камсыз кылуу өӊдүү милдеттерин улам эртеңки күнгө жылдыруу менен аткарбай келе жатат. Ушунун баарын камсыздабай туруп өкмөт элдин моюнуна дагы кошумча чыгым салганга аракет кылганы канчалык туура? Казакстан мунайын, Өзбекстан жаратылыш газын товар катары сатып жаткандай Кыргыз өлкөсү да суусун товарга айлантып экспорттоп, пайда табышы керек деген сунуштар көптөн бери айтылып жүрөт. Ага карабай өлкө эң чоң "Камбар-Ата-1" ГЭСин Өзбекстан менен тең шерикте куруп, пайдаланмакчы. Суу байлыгын сактайлы деген өкмөт электр энергиясын элге, ата мекендик ишканаларга кымбат сатып, Өзбекстанга арзан экспорттоодо. 2017-жылдын декабрь айынан 2018-жылдын март айына чейин Кыргыз өлкөсү Өзбекстанга 550 миллион киловатт электр энергиясын экспорттоо боюнча келишим түзгөн. Быйыл июнда жаӊы келишим түзүлүп, августка чейин дагы 500 миллион киловатт электр кубатын экспорттоо сүйлөшүлгөн. Баасы 1 киловатт-саат электр энергиясы 2 центтен (1 сом 50 тыйын) айланат. Ал эми эл электр энергиясы үчүн 700 киловаттка чейин 77 тыйындан, андан ашканына 2 сом 16 тыйындан төлөөдө. Эмне үчүн өкмөт өлкөдө өндүрүлгөн товарды элге кымбат, сыртка арзан сатат?
Абылгазиев таза суу боюнча тарифтерди кайра карап чыгууга тапшырма берди, жакынкы күндөрү эски заманды эске салган жаӊы баалар талкууга коюлушу мүмкүн...
Быйыл күздө Ысык-Көлдө өтүүчү III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн 5 миллион 500 миң сомго 356 ат ижарага алынат. Дене тарбия жана спорт агенттигинин билдиришинче, бул аттарды чет өлкөдөн келген командалар минип оюнга катышмакчы. Ал эми иш-чаранын ачылыш жана жабылуу аземине катышкан өнөрпоздор кийип чыгуучу кийимдер үчүн 8,7 миллион сом жумшалары белгилүү болду. Бул акчага 1600 театралдык кийим тигилмекчи. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга мамлекеттик казынадан 307 миллион сом бөлүнгөн. Уюштуруучулардын айтымында, мындан тышкары демөөрчүлөр тарабынан дагы кошумча 200 миллион сомдон ашык каражат бөлүнүүдө.
Үчүнчү жолу өткөнү жатканына карабай, ири чыгымдуу бул оюн-зоокту уюштурууга каршылар арбын. Алгачкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна мамлекеттик бюджеттен 102 миллион сом бөлүнгөн. 2016-жылы өткөн II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна 3 миллиард сом жумшалган. Быйылкы сумманы кошкондо жалпы 3,5 миллиард сомдон ашык акча жумшап Кыргыз 3 жолу той өткөрөт. Ушул акчаны калкка зарыл болуп турган бала бакча, мектеп, оорукана өӊдүү жайларды курууга жумшаса эмнеге болбойт эле? Быйыл май айында Бишкекте Улуттук онкология борборунун жаӊы имаратынын курулушу 600 миллион сом жок экендигине байланыштуу убактылуу токтотулду. Бул имарат курулуп бүтсө залалдуу шишиктен жабыркаган мамлекеттин көптөгөн жарандарынын дарылануусуна шарт түзүлүп, адамдардын өмүрүн сактап калууга жол ачылмак. Карызга же демөөрчүлүк иретинде жергиликтүү ишканалардан бөлүнүп жаткан акчага той өткөрбөй, завод-фабрика куруп, жаӊы иш орундары түзүлсө сыртка агылган мигранттардын саны кайсы бир деңгээлде кыскармак. Үй-бүлөлөрдө ата-эне азыркыдай эки башка өлкөдө эмес, балдары менен чогуу жашоого мүмкүнчүлүктөр жаралмак. Ушул эле 3,5 миллиард ишкерликке шарт түзүүгө, өзүн-өзү актай турган, узак мөөнөткө киреше алып келе турган долбоорго жумшалуусу мүмкүн эле.
Өкмөт Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун максатын Кыргыз өлкөсүн, маданиятын дүйнөгө даӊазалоо, мамлекетке турист тартуу деп түшүндүрүп келет. Туристтер үчүн башкысы - коопсуздук жана мыкты тейлөө. Жарандардын коопсуздугу жетиштүү корголбогон, тейлөө кызматтарынын сапаты бааларына жооп бербеген, жөнөкөй эле коомдук дааратканалары талапка жооп бербеген өлкө туристтерди 3-4 күндүк оюн-зоок менен өзүнө байлап калышы кыйын...
Жогорку Сот да буга чейинки инстанциялардын чечимин колдоп, мурдагы премьер Сапар Исаковду камакта калтырды. Сот залына Исаковдун өзүн алып келишкен жок. Буга чейин Исаковдун баш коргоо чарасын Бишкек шаардык соту карап, Биринчи Май райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырган.
Сапар Исаков Бишкек ЖЭБин жаӊылоодо Кытайлык ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын көздөгөн деген шек менен коррупцияга айыпталып, райондук соттун чечими менен быйыл 5-июнда 2 айга камакка алынган. Бишкек жылуулук-электр борборун жаңылоодо коррупциялык иштерге айыпталып, Сапар Исаков менен бир күндө УКМК тарабынан камакка алынган парламент депутаты Осмонбек Артыкбаев ооруканадан кайра УКМКнын абагына которулду. Артыкбаев ушул айдын башында ден соолугу начарлап кеткени айтылып, операция жасатуу үчүн Улуттук кардиология борборуна жаткырылган эле. УКМК депутатка операция жасалганын, анын ден соолугу учурда канааттандырарлык экенин билдирди.
2 жылга жакын убакытта өлкө жарандары "коррупция", "кызмат абалынан пайдалануу" өңдүү беренелер боюнча айыпталган Аида Салянова, Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов сыяктуу оппозициядагы саясатчылардын сот процесстерине көз салып турушту. Жыл айланбай жогорудагы саясатчыларды соттогон бийликтин өкүлдөрүнө ушул эле "коррупция" боюнча айып тагылып, Исаков, Калиев, Кулматов, Ибраимов өңдүү аткаминерлер камакка алынды. Биринчи топто мамлекетке келтирилген чыгым болду беле деген суроо суроо боюнча кала берди. Экинчи топтогулар боюнча азырынча айтылып жаткан суммалар асман чапчыйт. Тергөө органдары койгон айыптарын далилдеп бере алышабы? Бул маанилүү жагдай. Коррупция менен күрөш же саясий куугунтук жүрүп жатканы мына ошондо билинет...