Улуттук онкология жана гематология борборунун жаңы корпусунун курулушунун токтотулушуна каражат маселеси себеп болгон. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда объектини куруу үчүн 601 миллион 300 миң сом керектелет. 2017-жылы курулушка 70 миллион сом, 2018-жылдын мартына чейин 30 миллион сом жумшалган.
“Бүгүнкү күндө баштапкыдан төртүнчү кабатты жабууга чейинки курулуш иштери аяктады, каржылоо маселеси жөнгө салынган соң курулуш иштери милдеттүү түрдө улантылат”, - деп жазылат билдирүүдө.
Аталган мекемени куруу үчүн тапшырманы алган Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине байланышканыбызда, алар бул тууралуу маалымат берүүдөн баш тартышты.
Буга чейин мурунку премьер-министр Сапар Исаков Улуттук онкологиянын жаңы имаратынын курулушу токтотулганын жарыялаган.
Айта кетсек, өкмөт Улуттук онкологияга заманбап жана ыңгайлуу шарттары бар 7 кабаттуу имаратты куруу тууралуу чечим кабыл алынган.