Бүгүн, 25-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту Райым Матраимовду Мамлекеттик бажы кызматынын төрага орун басарлыгына кайра дайындоого чечим чыгарды. Сот мурдагы премьер Сапар Исаков Матраимовду Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан мыйзамсыз бошоткон деп чечти.
2017-жылы ал кездеги премьер Сапар Исаков "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" мыйзамынын 47-беренесине таяп, "иш-аракети саясый жетекчилик жүргүзүп жаткан саясатка, чечимдерине туура келбейт" деп Матраимовду Мамлекеттик бажы кызматынын төрага орун басары кызматынан бошоткон. Бул чечим менен катар маалымат айдыңында Райым Матраимовду Бажы кызматындагы коррупциялык иштерге айыптоо активдүү жайылтыла баштаган. Матраимов кызматтан бошотулгандан кийин Бажы кызматынын ошол кездеги төрагасы Кубанычбек Кулматов "Ош бажысындагы киреше 1 айда 10 эсе өскөнүн" айтып өкмөт башчыга отчёт берген. Бул маалыматтар да өкмөттүн маалымат кызматы тарабынан коомчулукка активдүү жайылтылган. 6 ай бою унчукпай жүрүп, Сапар Исаков өкмөт башчылыктан бошотулгандан кийин Матраимов сотко кайрылды. Арызында ошол маалда чет өлкөдө дарыланып жүргөндүгүн айтып, андыктан өзүн кызматтан бошотуу чечимин мыйзамсыз деп санай турганын көрсөткөн. Матраимовдун арызынын сот тарабынан кабыл алынышы ошол кезде көп талаштарды жараткан. Анткени Эмгек кодексинин 427-беренесине ылайык, президент, Жогорку Кеңеш жана премьер-министр тарабынан кызматка дайындалгандар боюнча кызматтан алуу, дисциплинардык чара көрүү өңдүү чечимдер сотко арызданууга жатпайт. Демек, жогорудагы беренеге ылайык, Матраимовдун арызын сот өз өндүрүшүнө албашы керек болчу. Андай болгон жок. Сот арызды кабыл алды. Алып гана тим болбой, бүгүн кызматка калыбына келтирди.
Райым Матраимов эми Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына барабы же "мени кызматтан мыйзамсыз бошотушканын гана далилдегим келген" деп, кызматтан баш тартып, баатыр көрүнөбү, ал өзүнчө кеп.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзү бийликтен кеткенден бери азыркы бийликти Райым Матраимовдун ишин текшерүүгө чакырып келет. Атамбаевдин оюнда, Матраимов Бажыдагы "серый кардинал", коррупцияга шектүүлөрдүн анабашчысы. Үстүбүздөгү жылдын 31-мартында Бишкекте өткөн пресс жыйында экс-президент Атамбаев учурдагы өлкө башчысына карата "Эгер сен коррупция менен күрөш тууралуу кыйкырып жатсаң, анда сенин жакындарыңдын, досторуңдун арасында эч бир "Райым миллиондор" болбошу керек", - деген. Матраимов да карызда калбай жергиликтүү басылмалар аркылуу экс-президентке жооп кылып "Бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына келишимде Алмазбек Атамбаев менен досум Икрамжан Илмияновдун салымы бар", - деп жооп кылган. Алмазбек Атамбаев менен Райым Матраимовдун байланышы тууралуу кептер буга чейин да айтылып келген. Алсак, Апрель революциясынан кийин, 2010-жылы бир аудиожазуу интернетке тараган. Анда "Азимбек Бекназаров" жана "Алмазбек Атамбаев" деп белгиленген эки адам телефон аркылуу териштирүү жүргүзүп, урушушат. Жаздырып алынган сүйлөшүүнүн төркүнү "Атамбаев Матраимовдон 400 миң доллар алып, кызматка койгонбу?" деген суроону жаратат. Ал аудиожазуу тийиштүү кызматтар тарабынан текшерилип, чын-төгүнү такталбай кала берди.
Бүгүн экс-президент Алмазбек Атамбаев Матраимов боюнча соттун чечимин сындап чыкканда ошол сүйлөшүүнү эске салгандар көп болду. Ошол эле Атамбаев бийликте турган 6 жыл бою бул адам Бажы кызматында жогорку кызматтарда иштеп, аймактык жетекчиден орун басарлыкка чейин көтөрүлдү. Атамбаев бүгүн айтып жаткан коррупциялык схемалар ал жылдары жок беле? Эмне үчүн ошончо жыл ичинде элдин ырыскысына, мамлекеттин казынасына кол салуу болуп жатса жогорку жетекчилик реакция кылган эмес? Мындай суроолорго укук коргоо органдары да, эски бийлик да жооп бербей, "сенин досуң, жок, сенин досуң мокочо" деген айыптоо менен убара.
Жарандык активисттердин басымдуу бөлүгү бүгүн "Райым миллиондорду" Атамбаевдик бийлик жаратып, бүгүнкү бийлик ийгиликтүү улантып жатат деп талкуу жүргүзүштү.
Ушунча айдан берки талкууларга, өзүнүн өзгө-жатка карабай коррупция менен аёосуз күрөшөм деген жалындуу сөздөрүнө карабай президент Сооронбай Жээнбеков бийликте турган 8 айдан бери эл алдында бир дагы жолу Матраимовдун ысымын атай элек. Ушунун өзү азыркы бийликтин коррупцияга каршы күрөшүү аракетине шектенип карагандарды пайда кылып, Жээнбековдук жемкорлорго каршы күрөш Матраимовду айланып өтөт деп жоромол кылгандар көп эле. Бүгүнкү Матраимов боюнча сот чечими андай жоромолдорду бекемдөөгө шарт түздү.
Сот Матраимов кызматтан негизсиз алынган деп тапса, анда мамлекет анын иштен алынгандан берки айлык-маянасын төлөп бериши керек болот. Эгер райондук соттун чечимин шаардык жана Жогорку Сот күчүндө калтырса, анда бийлик Матраимовду кайра Бажыдагы кызматына алпарабы? Бийлик "миллион" атыккан фигураларды жаратууну улантабы?..
Өкмөткө караштуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети ар бир телефонду каттоодон өткөрүүнү, ал үчүн 100 сомдон төлөм алууну сунуштап чыкты. Демилгенин максаты - өлкөгө аткезчилик жол менен телефон ташууну токтотуу, телефон ууруларынан жарандарды сактоо дейт. Убагында Максим Бакиев ар бир телефондук чалууга салган 60 тыйынына окшогон бул демилге коомдук талкууга коюлгандан тартып эле талкууга түштү. Учурда "аткезчилик менен күрөшүүчү мамлекеттик органдар эмне иш аткарып, айлык алып жатышат? Алар өз милдетин аткарбай жатканына эл күнөөлүүбү, ошон үчүн эл акча да төлөп турушу керекпи? Бул элдин эсебинен акча жыйноонун дагы бир амалыбы?" - деген нааразычылыктарды жаратып жатат.
Өкмөттүн командасы "ар бир тефонду каттоо талабы сырттан бул товарды ташып келүүчү ишканаларга, ишкерлерге коюлат. Ар бир телефон үчүн 100 сомду да ташуучу компаниялар төлөйт. Учурда жарандар колдонуп жаткан телефондор автоматтык түрдө каттоодон бекер өткөрүлөт. Эки учурда тең жарандар акча төлөбөйт", - дейт. Телефонду каттоодо ар бири үчүн 100 сом төлөгөн компания эртең кардардан, демек, элден ал акчаны ашыгы менен чыгарып аларын өкмөт көшөрүп эле моюндабай жатат. Кыскасын айтканда, өкмөттүн бул аракети кайра эле калктын капчыгынан акча кагып алууга баратат.
2019-жылдан тарта өлкөгө телефон алып кирген ишкерлер ар бир телефонду каттоодон өткөрүүгө милдеттүү болуп, ал эми мыйзамсыз, каттоодон өткөрбөй киргизилген телефондор 2 айдан кийин өчүрүлмөкчү. Каттоо учурунда ар бир телефондун IMEI-коддору алынып, мамлекеттин базасында сакталмакчы. Ал база жарандардын кайда, ким менен эмне кылып жүргөнүн аныктоого колдонулбайбы деген суроо да айрымдарды түйшөлтүп турат.
Коомдун кескин сындарга толгон реакциясы өкмөттү бул демилге боюнча билдирүү жасоого аргасыз кылды. Анда демилге коомдук талкууда экени, токтом сунуш-пикирлер менен толукталып, жооптуу министрликтердин кароосунан өткөн соӊ гана өкмөттүн кароосуна киргизиле турганы айтылат. Эгер документ өлкө кызыкчылыгына дал келбесе, анда премьер-министр аны колдоодон баш тартышы мүмкүн дейт.
Абылгазиевдин өкмөтү ишке киришкенден бери элдин жашоосун жакшыртуучу чечимдерге караганда элдин капчыгынан ашыкча ирет акча чогултуп алуу аракети көбүрөөк жасалууда. Кечээ премьер Абылгазиев Бишкектин тургундары үчүн таза суунун баасын кымбаттатууну карап чыгуу тапшырмасын берсе, бүгүн ар бир телефондон 100 сомдон "салык" өндүрүү сунушталды. Эртең бизди дагы кандай сунуш же "салык" күтөт?..