Бүгүн, 6-февралда Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы Ош бажысындагы төлөмдөр ротациядан улам көбөйүп жатканын SUPER.KG порталына билдирди.
"Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовдун жетекчилигинин астында бажылык башкарууну жакшыртуу максатында иштер жүргүзүлүп жатат. Борбордук бажы кызматында, "Манас" бажы кызматында ротация (орун алмаштыруулар) болду. Ошонун негизинде жакшы иштер болуп жатат. Мындай иштер дагы улантылат", - деп билдирди.
Премьер-министр Сапар Исаков Кубанычбек Кулматов менен аталган кызматтын 2017-жылкы ишинин, ошондой эле 2018-жылдын январь айынын жыйынтыктарын талкуулаган. Анда Ош бажысындагы төлөмдөр он эсе көбөйгөнү айтылган. Маалымат боюнча мурун алар күнүнө 1 жарым миллион же 2 миллион сомду түзсө, учурда бул сан 15 миллион сомго жеткен.