Өкмөт өкүлү Эшмамбет Аматов: "Бул долбоорду "Максимдин 60 тыйынына" салыштырууга болбойт"

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети телефондорду каттоодон өткөрүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарганы коомдо кызуу талкууга алынды. Ар бир телефонду каттоодон өткөрүү үчүн 100 сом өлчөмүндөгү каражат төлөө керек. SUPER.KG порталынын "Максимдин 60 тыйынына чыдабаган эл Жээнбековдун 100 сомуна кандай мамиле кылат?" деген соболуна Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматов өз оюн айтты.

Аматов бул нерсени "Максимдин 60 тыйынына" салыштырууга болбой турганын белгиледи.

"Бул жерде элге тиешеси жок, эл бир тыйын да төлөбөйт. Бул жерде телефонду сырттан биздин өлкөгө алып келе жаткан ишкер ошол телефонду каттатып жатканда төлөйт. Бул долбоордун максаты - телефон чын эле ошол тийиштүү маркага таандык компаниядан чыктыбы же жасалма телефонбу, ошол нерсени аныктоо. Ар бир компания телефонго код коёт, ошол кодду тактоо керек, ал такталгандан кийин гана биз аны каттоодон өткөрөбүз. Бизде аткезчилик жол менен келген телефондор көп, ошолор кирип жатканда текшерүүдөн туура эмес чыкса ал телефондор Кыргыз жеринде иштебейт. Бул долбоорду "Максимдин 60 тыйынына" салыштырган туура эмес, ал такыр башка нерсе", - деди Аматов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Искандер Гайпкулов, Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан, саясий серепчи Алмазбек Акматалиев,экс-депутат Асия Сасыкбаева, мурдагы премьер-министрдин кеңешчиси Гүлнура Төралиева, юрист Улан Жумаков, Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттигинин мурдагы директору Эсенкул Момункуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан