Мексикада 12 жаштагы өспүрүм Карлос Антонио Сантамария тарыхтагы эң жаш студент аталды. Ал Мексикадагы Улуттук автономдук университетине тапшырган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар аталган окуу жайдын билдирүүсүнө таянып жазып чыгышкан.Карлос Антонио "мен окуп, билим алгым келет. Эгерде окуу жай мага эшигин жапса анда терезеден кирип окуй берем" деген.