Укук коргоочу Нурбек Токтакунов акыйкатчылыкка татыктуу. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бүгүн, 29-июнда өзүнүн интернет баракчасына жарыялады. “Мен эч качан акыйкатчы болууну пландаган эмесмин жана пландабайм дагы. Менин келечекке карай башка пландарым бар”,- дейт Бекешев. Эске сала кетсек, 27-июнда Жогорку Кеңеште акыйкатчы Турсунбек Акунду өз антын бузгандыгы үчүн кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча атайын комиссиянын иликтөө жыйынтыгы угузулуп, аны кызматынан четтетүү боюнча токтом кабыл алынган.