Бишкекте жүргүнчү ташыган 12 кичи автобус каттамдан чыгарылды

Бишкекте 24-июндан 28-июнга чейин техникалык талаптарга жооп бербеген жүргүнчү ташуучу 12 кичи автобус каттамдан четтетилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Мэриянын Шаардык транспорт башкармалыгынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кичи автобустардын техникалык жана санитардык абалы, айдоочулардын жүргүнчүлөрдү тейлөө маданияты дайыма текшерилип турат. Четтетилген кичи автобустарга отургучтарды оңдоо, кошумча отургучтарды орнотуу, линолеумдарын жана жабууларын алмаштыруу өңдүү оңдоп-түзөөлөр талап кылынат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан