Бүгүн, 1-июлда Нарын шаарында КРнын Эмгек сиңирген актрисасы Таттыбүбү Турсунбаеванын 70 жылдыгына арналган 5-республикалык театралдык фестиваль башталды. Иш-чарага өкмөттүн облустагы өкүлү Канатбек Муратбеков, маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев катышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, фестивалды ачып беришти. Облус башчы Канатбек Муратбеков маданият тармагына салымын кошкондугу үчүн “Маданияттын эмгек сиңирген ишмери” деген төш белги менен сыйланды. Ошондой эле фестивалга актрисанын агасы Нурканбек Турсунбаев да келип сөз сүйлөп, ыраазычылыгын билдирип, фестивалдын жүрүшүндө Таттыбүбү Турсунбаеванын фонду тарабынан 2 мыкты актрисага сыйлыктар ыйгарыла тургандыгын белгилеп өттү. Ал эми фестивалдын калыстарынын катарындагы белгилүү актрисалар жана актёрлор: Жамал Сейдакматова, Назира Мамбетова, Кыргызбай Осмонов, Марат Шарафуддинов, Бейшенбек Калыковдор 4 күндүн ичинде коюлган спектаклдердин мыктыларын тандап, жыйынтык чыгарышмакчы. Белгилей кетсек, фестивалга 18 театр, 300дөн ашык артисттер өлкөнүн бардык бурчтарынан келишкен.