Талас районундагы 6 мектепке 60 миң долларлык эмеректер берилди

1-июлда Талас районундагы 6 мектепке япониялык гранттын эсебинен 60 миң долларлык эмеректер алынып келингенин район акими Байрак Сейдибалиев билдирди. Маалыматка таянсак, мектепке керектүү болгон парта, доска, кийим илгич жана башкалар Р.Айдаралиев, Жумагул уулу Алымкул, Б.Жанузаков, А.Солтоев, М.Козубекова жана М.Мамбетов атындагы орто мектептерге берилди. Эмеректерди Япониянын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкерлери тапшырды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан