Мавлян Аскарбеков: "Миграциянын өсүшү - Кыргызстандын эгемендүүлүгү менен улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратууда"
"Миграциянын өсүшү - Кыргызстандын эгемендүүлүгү менен улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратууда",- деп билдирди жаш саясатчы Мавлян Аскарбеков бүгүн, 2-июлда маалымат жыйында. "Коңшу мамлекеттерде тымызын экспансия жүрүп жатат. Кыргыз өкмөтүнүн расмий маалыматы боюнча, 2012-жылы өлкөдө 13 миң жумушчу квота берилген. Мамлекеттик каттоо кызматы 101 миң чет өлкөлүк жаранга тийиштүү документтерди берген",- деди Аскарбеков. Кыргызстанда расмий эмес маалыматтар боюнча, мыйзамсыз жүргөн 300 миңдей кытай жараны бар экенин айткан жаш активист Чүй аймагындагы Түркия, Пакистандан келген мигранттардын да көпчүлүгү өлкө аймагында мыйзамсыз жүрүшкөндүгүн кошумчалады.