Бүгүн, 3-сентябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Чолпон-Атада III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кечээ кечинде салтанаттуу түрдө ачылды. Бул оюндардын символуна айланып кете жаздаган ар дайымкы сыйлуу конок - америкалык актёр Стивен Сигал бул жолу катышкан жок. Анын ордуна VIP трибунада Түркия, Казакстан жана Татарстандын лидерлери отурушту. Уюштуруучулар, өлкө башчысы Жээнбеков баш болуп мындай мартабалуу адамдардын келишин – дүйнөлүк коомчулукта Көчмөндөр оюндарына эл аралык уникалдуу долбоор катары мамиле калыптана баштаганы катары көрсөтүштү. Мындай ойдун калпыстыгы жок. Ошентсе да... Бул күнү трибунада отурган эки лидердин көчмөндөр цивилизациясын даңктоодон тышкары да маанилүү иштери бар эле.
Казакстандын эл башчысы буга чейин эки ирет өткөрүлгөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келип, сый көрсөткөн эмес. Мурунку өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоо алдында Назарбаевдин дарегине кескин сындарды айтып, аны "коңшу өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүгө" айыптаган. Көчмөндөр оюндарына келип, Жээнбековду колдоого алуу менен Назарбаев бул күнү трибунада отурбаган Атамбаевге өзүнүн "салам-дубайын" билдирди көрүнөт. Атамбаевге карата мындай "салам" Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоганда да бар. Алмазбек Атамбаевдин командасы болсо "экс-президент ден соолугуна байланыштуу бул иш-чарага катыша алган жок" дешти.
Көпчүлүктүн көңүлү стадиондун VIP аймагында жалаң КСДПчы депутаттардын курчоосунда отурган Райым Матраимовго да бурулбай койгон жок. Бул көрүнүштү депутат Ирина Карамушкина "УКМК коррупция боюнча суракка ала турган адам сыйлуу төрдө отурат" деп сындап чыкты.
Эстафета кетти, төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары келерки жылы Түркияда өтөрү жарыяланды. Президент Эрдоган оюндарды Түркия жогорку деӊгээлде өткөрөт деди. Андан ары уланып кетсе, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары келечекте Олимпиада сыӊары эл аралык, күйөрманы көп масштабдуу, абройлуу спорттук иш-чарага айланышы мүмкүн.
Көчмөндөр доору - адамзат тарыхынын бир бүктөмү. Азыркы ааламдашуу шартында Кыргыздын өткөнгө кайрылып, көчмөн элдер маданиятын сактоону, жайылтууну, даӊазалоону көтөрүп чыкканы, анын дүйнөнүн бир нече өлкөсү тарабынан колдоого алынганы, албетте, жакшы иш. Бирок Кыргыз Республикасы экономикалык оор абалда турганда ири чыгымдуу той-аш өткөрүүнүн кереги бар беле? Мисалы, 2018-жылга республикалык бюджет 20 миллиард сом дефицит менен бекитилген. Көчмөндөр оюндарынын быйылкы чыгымы 500 миллион сомдон ашат. 3 ирет мындай ири чыгымдуу оюн өткөрүп, эмне жыйынтык жараттык? Канча түз, канча кыйыр пайда таптык? Ошол акчаны кандай ири долбоорлорго жумшасак эффективдүү болмок? Буга окшогон суроолорго Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын 2 ирет өткөргөн атамбаевдик команда жооп бербей кетти. Эми деле так жооп болоруна үмүт жок...
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын Бишкекке расмий сапарын сөз кылсак. Түрк лидеринин учагы "Манас" аба майданына 1-сентябрь күнү кечинде конду. Президенттик кортеж өтүүчү жол боюнда анын Бишкектеги тарапташтары "Эрдоган бир тууган" деп кыйкырып турушуп, өтүп бараткан Эрдоган кортежди токтотуп, унаадан түшүп келип алар менен учурашты. "Ата журтка кош келдиӊиз" дегендер да болду.
Жээнбеков менен Эрдоган эки өлкө кызматташтыгынын абалын талкуулашты. Түркия президенти өлкөлөрдүн соода жүгүртүү көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүүгө чакырды. Расмий маалыматка таянсак, 1994-жылы Кыргыз-Түркия ортосунда соода жүгүртүүнүн көлөмү 20 миллион доллар болсо, 2017-жылы 356 миллион долларга жеткен. Азыркы тапта Кыргыз жеринде 600дөн ашык кыргыз-түрк биргелешкен ишканалары иштеп жатат. Акыркы 23 жылда Түркиядан Кыргыз өлкөсүнө 500 миллион доллар түз инвестиция тартылган. Бишкекте өткөн Кыргыз-Түрк бизнес форумунда президент Жээнбеков түрк ишкерлерин Кыргыз өлкөсүнө инвестиция салууга чакырды. АКШнын санкцияларынан улам Түркияда улуттук валютасынын куну түшүп, өлкө валюталык кризисти баштан кечирүүдө. Бишкекте өткөн бизнес форумда Эрдоган Түркия өз улуттук валютасын колдонуу аркылуу Кытай жана Орусия менен соода алакасын жандантып жатканын билдирди. Бүгүн Чолпон-Атада өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын саммитинде да ал долларга көз каранды болбоо үчүн кесиптештерин улуттук валюта аркылуу соода жүргүзүүгө чакырды.
Эрдогандын Бишкекке сапарында Гуленчилердин "Себат" лицейлери жөнүндө сөз болбой коюшу мүмкүн эмес эле. Эрдоган Түркия бийлиги террористтик деп тапкан ФЕТӨ – гүленчилер уюмун жок кылуу үчүн күрөштү уланта турганын айтып, бул күрөштө колдоо көрсөткөнүңөр үчүн деп бардык түрк тилдүү өлкөлөрдүн лидерлерине ыраазычылык билдирди.
Режеп Тайип Эрдогандын Кыргыз жерине болгон иш сапарынын алкагында 12 документке кол коюлду. Алардын бири - Кыргыз өлкөсүнүн Илим жана билим берүү министрлиги менен Түркиянын "Маариф" фондунун ортосундагы кызматташтык тууралуу меморандум. Бул фонд аркылуу Түркия бийлиги "Сапат" билим берүү мекемелерине альтернатива катары мектептерди ачууну пландап жатат. Түркияда диний аалым Фетхуллах Гүлендин тарапташтарынын уюму ФЕТӨ террористтик деп табылган. Түрк бийлиги көптөн бери Кыргыз жеринде Гүлендин уюмуна таандык "Себат" мектептерин жапкыла деп суранып, талап кылып келет. Кыргыз тарап Атамбаев президент кезинде "ички иштерибизди өзүбүз чечебиз" деген мааниде жооп жиберип, "Себатты" "Сапат" мектептерине айланткан. Жакында Түркиянын Кыргыздагы элчиси Женгиз Камил Фырат жергиликтүү маалыматтык сайттардын бирине маек берип, "Сапат" боюнча Кыргыз тарапка сунуштар берилди, акыркы чечимди Кыргыз тарап чыгарышы керек", - деп билдирген. Президент Жээнбеков Эрдоган менен сүйлөшүүдө "бул маселе чечилген" деди. Кантип чечилгени айтылган жок. Фетхуллах Гүлендин АКШнын коргоосунда жашап жатканын эске салган Эрдоган: "Учурда 160 өлкөдө ФЕТӨ иштеп жатат. Анын башчысы болсо АКШда отурат. Демек, анын артында АКШ турат", - дейт. Түркия башчысы аталган уюмдун кооптуулугун кайрадан баса белгиледи. Альтернатива катары Эрдоган сунуштаган фондго мектеп ачууга уруксат берилсе, анда Гүлендин "Себаты" менен атаандаштык башталат. Буга чейин "Себаттын" окуучулары гүленчил идеологияга сугарылган деген логикага таянсак, эми "Маариф" эрдоганчыларды даярдоого киришеби? Кыргыздын билим берүү системи Себат менен Маарифтин тирешүүчү аянтчасына айланып калбайбы? Бизде качан кыргызчыл идеологияны туу туткан, сапаттуу билим берген мектептер курулат?..
Кыргыз-Түркия президенттеринин катышуусу менен Бишкекте борбордук мечиттин ачылышы болуп өттү. Борбордук Азиядагы эӊ чоӊ жана кооз мечит деп аталган бул мечитти Түркия тарап каржылап, куруп берди. Президент Сооронбай Жээнбеков: "Өнүккөн өлкөлөрдүн баары дин эркиндиги менен заманбап өнүгүүнү айкалыштыруу жолу менен ийгиликке жетишкен. Биздин коомубуз да ошол багытта кетиши керек", - деп билдирди.
Жакында гана өлкө парламентинин спикери "дин аалымдарынын айтканы менен болсок өнүгөбүз" деген. Эми дүйнөнүн кудуреттүү өлкөлөрүнүн бири болуп саналган Түркиянын президенти келип, Жээнбеков менен бирге салтанаттуу түрдө мечитти ачты. Мындай окуялар тизмеги бийлик тарабынан динге мамиле жаңы баскычка чыгат көрүнөт деген ойлорду жаратууда...