Өлкөбүздөгү "Сапат" билим берүү мекемесинин окуучулары Түркиянын аймагына киргизилбеши мүмкүн. Бул тууралуу Түркиянын билим берүү министринин орун басары Орхан Эрдем 11-августта түркиялык ТIKA агенттигинин жыйынында билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышкан.
Маалыматка ылайык, орун басар аталган билим берүү мекемесин Фетхуллах Гүленге байланышы бар деп, жыйынга катышкан Кыргыз академиктерине кайрылуу жасаган:
"Туугандарыңарга, досторуңарга жана тааныштарыңарга айткыла, алар бул террористтик мектептерге барышпасын. Алар Түркияга келишсе, визалары жокко чыгарылуу ыктымалдыгы жогору. Түркияда ал мектепте окугандардын туугандары да кубаныч менен кабыл алынышпайт".
"Сапат" билим берүү мекемесинин басма сөз катчысы Зафарбек Сулайманов SUPER.KG порталына бүгүн, 14-августта окуу жайларда жалпысынан 12 миңдей окуучу окуурун, 1500дей мугалим эмгектенерин билдирди.
"Биздин бул тууралуу кабарыбыз жок. "Сапаттын" окуучулары жашы жете элек, алар көп деле Түркияга барышпайт. Окууну бүтүп кеткендердин биздин окуу жайга тиешеси жок болуп калат. Ал эми окуучулардын туугандарын Түркияга киргизбей коюу туура эмес. Бул популисттик жана саясий кадам болуп калат. Бирок биздин окуучулар буга чейин ал өлкөгө сынактарга тоскоолдуксуз эле барып келишкен", - дейт катчы.
Ал эми Түркиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинен бул тууралуу комментарий бере алышпай турганын билдиришти.
Стамбулдун прокуратурасы Эл аралык "Ататүрк Ала-Тоо" университетин террордук идеяларды таратуучу уюмдардын катарына кошкон, андан соң университеттин аталышы "Ала-Тоо" деп өзгөртүлгөн. Президент Алмазбек Атамбаев бул окуу жайлар Кыргыз өлкөсүнүн ичинде жана стандарттарга ылайык иштеп жатканын айткан. Кошумчалай кетсек, "Себат" билим берүү мекемесинин да аты "Сапат" деп өзгөртүлгөн.