Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган расмий иш сапары менен Бишкекке келди. Маалыматка караганда, аны президент Сооронбай Жээнбеков “Манас” аэропортунан тосуп алды.
Алдыда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында эки өлкө лидерлери катышкан кең курамдагы жыйын өтөт.
Сапардын алкагында эки мамлекеттин башчылары Кыргыз-Түркия кызматташтыгынын абалына жана мындан ары карай аны тереңдетүүнүн келечегине байланыштуу маселелерди талкуулашат. Ошондой эле эки өлкөнүн башчылары эл аралык жана регионалдык күн тартибиндеги орчундуу маселелер боюнча да пикир алмашат.
Маалыматка караганда, Эрдоган 1-2-сентябрда Бишкектеги иш-чараларда болуп, кийин III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана Чолпон-Ата шаарында өтчү Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын VI саммитине катышат.