Нарында сүт иштетүүчү цех ачылды

Кечээ, 1-июлда Нарын шаарында сүт иштетүүчү чакан цех ачылып, ишке берилди. Бул цех Нарын шаарындагы эт комбинатынын имаратында жайгашкан. Цехти куруу үчүн ЮСАИД уюму 117 000 долларлык жабдыктарды коюп берсе, өздүк салымдардын суммасы 1,5 миллион сомду түзгөн. Учурда аталган цехтен быштак, каймак, айран чыгарылууда. 5 адам жумуш орун менен камсыз болгон. Ал эми сүт Нарын районунун жакынкы айылдарынан ташылып келүүдө. Маалыматка ылайык, цехтин күнүнө бир тоннага жакын сүттү кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан