2012-жылы Кыргызстандын аймагында 344 базар иштеген
2012-жылы Кыргызстандын аймагында 344 базар иштеген.
Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы
билдиргендей, базарларда акчанын жүгүртүлүшү 105 миллиард сомду түзгөн. Бул көрсөткүч
өткөн жылга салыштырмалуу 9 пайызга көп. Ошондой эле жарандар өздөрүнө керектүү
буюмдардын 52 пайызын базарлардан сатып алышканы белгилүү болду.