Шаардык сот экс-мэр Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасын кароону 17-сентябрга жылдырды

Бишкек шаардык соту экс-мэр Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасын кароону 17-сентябрга жылдырды.

Бүгүн, 12-сентябрда Бишкек шаардык соту Ибраимовго чыккан Биринчи Май райондук сотунун чечимине карата доо арызды карамак.

27-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Ибраимовду 2 айга камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалып, Биринчи Май райондук соту тергөө аяктаганга чейин, тагыраагы, 29-августка чейин камакта калган. Бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

15-августта Жогорку Сот Ибраимовду камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан