Жогорку Сот экс-мэр Албек Ибраимовду камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды

Бүгүн, 15-августта Жогорку Сот Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимовду камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды. Соттук отурум жабык өттү. Ибраимовду колдоп анын 60-70ке жакын тарапташтары келген.

Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалып, Биринчи Май райондук соту тергөө аяктаганга, тагыраагы, 29-августка чейин камакта калган. Бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алып, токтомду премьер-министрге жөнөтүшкөн. Премьер-министр тийиштүү токтомго кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aerforce
2018-08-15 12:41:04
Камалсын жегендерин кузушсун
+4
aibars
2018-08-15 12:42:36
60-70 киши уурдалган нандарынан жеп калышканда. Ошон учун келишти.
+3
aibars
2018-08-15 12:43:14
Озуно ыйгарып алган жерлерин коруп сахарым которулуп кеткен.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан