Кытайда дүйнөдөгү эң ири имарат курулду

1-июлда Кытайда дүйнөдөгү эң ири имараттын ачылыш аземи болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Чэнду шаарындагы "The New Century Global Center" комплексинин аянты 1,767 миллион чарчы метрден ашат. 3 жыл бою курулган имараттын узундугу 500 метр болсо, туурасы 400, бийиктиги 100 метрге жетет. Бул жерде кеңселер, соода аянттары, 5 жылдыздуу мейманканалар, искусство борборлору, университет комплекси, жыйын залдары, 14 залдуу кинотеатр жана жасалма пляжы менен аквапарк жайгашкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан