Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жаңы кыш завод иштеп баштады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Жеке инвестициянын эсебинен 4 миллион сомго курулган заводдун негизги жумуштары былтыр эле бүткөрүлгөн. Учурда завод кыш чыгарып баштады, кубаттуулугу айына 310 000 даана кыш чыгарууга жарайт.