Эксперт Расул Умбеталиев: "Энергетика комитети менен Улуттук энергетикалык холдингди жоюп, Энергетика министрлигин калыбына келтирүү зарыл"

Өкмөттүн өз түзүмүн өзгөртүү боюнча сунуштарын Жогорку Кеңешке тааныштыруу мөөнөтү 1 жарым айга жылдырылды. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бул суранычын депутаттар колдоого алышты. Буга чейин бири-бирин кайталаган мамлекеттик мекемелер көп экени, бюджет мунун айынан натыйжасыз сарпталып жаткандыгы жана маанилүү делген органдардын жоктугу айтылып келген. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Өкмөттүн түзүмүндө кайсы министрлик, кызмат, агенттиктер ашыкча? Өкмөттүн түзүмүн оптималдаштыруу керекпи?" деген соболуна энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Умбеталиев жооп берди.

Анын пикиринде, милдеттери окшош болгону үчүн УКМК менен Чек ара кызматын бириктирүү керек.

“Бүгүн биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү боюнча сунушту 1 жарым айдан кийин алып келели деп айтты. Бул туура эмес. Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы өкмөт курамы менен келиши керек эле. Биз эми артка кеттик. Экономикабыз, ички дүң продукциябыз начарлады. Дүйнөдө саясий өзгөрүү болуп жатат Кыргыз өлкөсүндө да болушу керек эле. Мамлекеттик комитеттерди кошуп, өзгөртүү керек болчу. Талибандар, "Ислам мамлекети" террордук тобу түштүк тарапта чогулуп жатат. Коргоо министрлигин комитет кылып салды. Азыр бул министрлик актуалдуу болуп жатат. Аны кайра түзүш керек. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин Чек ара кызматы менен бириктирүү зарыл. Себеби милдеттери бирдей. Мамлекеттик ишканаларды кайталатпай, оптималдаштыруу керек. Өкмөт түзүмүн кескин өзгөртүү зарыл.

Энергетика системин туура эмес түзүп койдук. Мамлекеттик энергетика комитети менен Улуттук энергетикалык холдингди түзүп алдык. Экөөнү тең жоюп, Энергетика министрлигин кайра түзүү зарыл. Геология жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетин негиздөө керек. Отун-энергетика тармагында коңшулардан артта калдык. ЖЭБди, Токтогул ГЭСин модернизация кылуу бизге жакшылык алып келбейт. Бул менен кубаттуулугу жогорулабайт. Азыркы өкмөт жакшы иштей алган жок. 1 жарым айдан кийин кыш келет. Анан бул мезгилде тоскоолдук болот деп жазга жылдырышат. Ошол менен кийинки жылга калат. Кыш мезгилине жаңы жетекчилер менен, жаңы мекемелер менен кирип барсак туура болмок”, - деди Умбеталиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Айнуру Алтыбаева, Кенжебек Бокоев жана Акылбек Жамангуловдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан