Өкмөттүн өз түзүмүн өзгөртүү боюнча сунуштарын Жогорку Кеңешке тааныштыруу мөөнөтү 1 жарым айга жылдырылды. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бул суранычын депутаттар колдоого алышты. Буга чейин бири-бирин кайталаган мамлекеттик мекемелер көп экени, бюджет мунун айынан натыйжасыз сарпталып жаткандыгы жана маанилүү делген органдардын жоктугу айтылып келген. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Өкмөттүн түзүмүндө кайсы министрлик, кызмат, агенттиктер ашыкча? Өкмөттүн түзүмүн оптималдаштыруу керекпи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева жооп берди.
Алтыбаева өкмөттүн жаңы курамы бекитилип жатканда өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү боюнча анализ жасоо керектигин айтканын билдирди.
“Бүгүн дагы бул маселени комитет жыйынында көтөрүп чыктым. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бир жарым айдын ичинде өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү боюнча сунуштарды алып келе тургандыгын билдирди. Айрым бир милдетти эки мекеме аткарган учурлар болуп жатат. Менин оюмча, өкмөттүн курамына кирбеген Улуттук энергетикалык холдинг мекемеси ашыкча. Анткени энергетика боюнча комитет бар. Экөө бир милдетти аткарып калат. Ошондуктан эки мекемени бириктирип, министрлик кылып түзүү зарыл. Ошол эле учурда Коргоо министрлигин дагы түзүү керек”, - деди Алтыбаева.
Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Кенжебек Бокоев, Акылбек Жамангулов жана эксперт Расул Умбеталиевдин пикири бул шилтемеде.