Өкмөттүн өз түзүмүн өзгөртүү боюнча сунуштарын Жогорку Кеңешке тааныштыруу мөөнөтү 1 жарым айга жылдырылды. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бул суранычын депутаттар колдоого алышты. Буга чейин бири-бирин кайталаган мамлекеттик мекемелер көп экени, бюджет мунун айынан натыйжасыз сарпталып жаткандыгы жана маанилүү делген органдардын жоктугу айтылып келген. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Өкмөттүн түзүмүндө кайсы министрлик, кызмат, агенттиктер ашыкча? Өкмөттүн түзүмүн оптималдаштыруу керекпи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев өз пикирин билдирди.
Бокоев Кыргыз өкмөтү облустук деңгээлдеги органдарды жоюу зарылдыгын айтты.
“Акимдер түз премьер-министр менен иштеши шарт. Ортомчу болбошу керек. Кыргыз мамлекетинде чиновниктердин саны көп. Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бул сунуш өкмөттө каралып жатканын айтты. Ошондой эле Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын малды дарылоо функциясын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине өткөрүп берүү керек”, - деди Бокоев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Айнуру Алтыбаева, Кенжебек Бокоев, Акылбек Жамангулов жана эксперт Расул Умбеталиевдин пикири бул шилтемеде.